22 апрель 2025
3
ПЕДАГОГИКАЛЫК КӨПҮРӨ: ОшМПУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
ПЕДАГОГИКАЛЫК КӨПҮРӨ: ОшМПУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чара “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги педагогикалык билим берүүнүн калыптанышы жана өнүгүү тарыхы” аталышында болуп, ага КМШ өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлардын көрүнүктүү педагог-илимпоздору, окумуштуулар, мугалимдер жана билим берүү тармагындагы адистер, окутуучулар катышты.
Конференцияга келген коноктор алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, андан соң музыкалык-педагогикалык факультетинин чакан концерттик программасына күбө болушту.
Ал эми иш-чаранын расмий бөлүгүн университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берди. Аны улай Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич, Шадрин мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Элиетта Бурнашева, Кары Ниязи атындагы Улуттук тарбия педагогика институтунун директору Холбой Ибраимов, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетовдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элиетта Бурнашева (Шадрин МПУ, РФ): “Педагогикалык мурасты заманбап мугалимди даярдоонун негизги булагы катары колдонуу”, Елена Симбирских (Россия Федерациясынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Кирев филиалы): “Советтик педагогика системасын азыркы шарттарда колдонуу өзгөчөлүктөрү”, Ирина Юхнова (Нижегород мамлекеттик университети, РФ): “Филолог-педагогду заманбап шартта даярдоонун милдеттери”, Светлана Ильина (Тамбов мамлекеттик техникалык университети, РФ): “Н.К. Крупскаянын советтик педагогиканын өнүгүшүндөгү орду” сыяктуу баяндамаларды жасашты.
Ошондой эле мындан сырткары дагы бир катар окумуштуулар онлайн жана офлайн форматтарда өз изилдөөлөрүн сунушташып, катышуучулар педагогикалык мурастар, билим берүүнүн заманбап маселелери жана багыттары тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту. Саамалык университеттин Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаменти жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулуп, аталган жыйын жогорку билим берүү тармагындагы ЖОЖдор аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн, тажрыйба алмашуунун маанилүү аянтчасы катары кызмат кылды.