24 апрель 2025
5
Корея Республикасынын Пай Чай университетинин өкүлдөрү ОшМПУда
Корея Республикасынын Пай Чай университетинин өкүлдөрү ОшМПУда
23-апрель күнү Корея Республикасынын Пай Чай университетинин өкүлдөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болушту.
Конокторду окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жылуу кабыл алып, отурумда эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөр жүрдү. Мында Кореянын Тэджон шаарындагы Пай Чай университетинин Эл аралык иштер боюнча топтун мүчөсү Джи Хе Вон баштаган өкүлдөр өз окуу жайы, андагы университетке кабыл алуу шарттары, академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү, биргелешкен билим берүү программалары тууралуу маалыматтарды беришти.
Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев конокторго бул сапары үчүн ыраазычылык билдирип, өнөктөш мамиле түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жыйынтыгында тараптар алдыда чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин айтышты. Расмий бөлүк бүткөндөн соң делегация окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, кенен маалыматтарды алышты.