ОшМПУда "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮ
25 апрель 2025
14

ОшМПУда "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮ

ОшМПУда "КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ" ФОРУМУНУН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кесибим – келечегим” форумунун алкагында окуучулар ортосунда интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн адистери жана алыскы Баткен, Кызыл – Кыя, Ноокат, Кара – Суу, Лейлек, Алай, Өзгөн, Араван райондорунан келген мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Аталган акыл таймаш окуучулардын дүйнө таанымын кеңйтүү жана алган билимдерин бышыктоо максатында уюштурулуп, мында катышуучуларга логикалык, фактологиялык, кругозордук жана предметтик суроолор берилип, болочок абитуриенттер өз билимдерин сыноо менен кызуу мелдеш курушту.
Жыйынтыгында 3-орунду Ноокат районунун окуучусу Адина Маматусманова жана 2 – орунду Өзгөн районунун окуучусу Семетей Абдилхапизов ээледи. Ал эми 1-орунду Кадамжай районунун окуучусу Нурайым Матанова багындырып, ноутбук, диплом жана баалуу белектердин ээси аталды. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар эртең форумдун расмий бөлүгүндө сыйланат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro