25 апрель 2025
21
ОшМПУнун студенттери Таласта өткөн Эл аралык илимий конференцияда 1-орунду ээлешти
ОшМПУнун студенттери Таласта өткөн Эл аралык илимий конференцияда 1-орунду ээлешти
Талас мамлекеттик университетинде “Илимге карай жол” аттуу студенттердин XXII Эл аралык илимий конференциясы өткөрүлдү.
Ага өлкөнүн 11 жогорку окуу жайынан келген 300 дөн ашуун студенттер, ошондой эле коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери да катышып, 1-орунду камсыздашты.
Конференциясын жүрүшүндө катышучулар 8 багыт боюнча өз илимий баяндамаларын жасашты. Мында окуу жайдын колледжинин студенттери Сайкал Акматова жана Улугай Рахим кызы “Билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу, санариптик технологияларды өздөштүрүүсү” аталышында доклад окуп, натыйжада 1-даражадагы диплом жана “Эң мыкты доклад” номинациясына ээ болушту. Аталган студенттерге колледждин дене-тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Гүлзат Казиеванын илимий жетекчилик кылган.