Кесибим — келечегим: ОшМПУда ачык эшик күнү өтүүдө » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Кесибим — келечегим: ОшМПУда ачык эшик күнү өтүүдө
24 апрель 2025
13

Кесибим — келечегим: ОшМПУда ачык эшик күнү өтүүдө

Кесибим — келечегим: ОшМПУда ачык эшик күнү өтүүдө
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Кесибим-келечегим" аталышында окуучуларга арналган форум өтүп жатат.
Ага ылайык алыскы райондордон келген окуучулар үчүн АЧЫК ЭШИК күнү уюштурулуп, мында университеттин ар бир факультети жана бөлүмү өзүнүн адистиктерин, жетишкендиктерин, студенттик турмушун жана билим берүү өзгөчөлүктөрүн кеңири тааныштырышууда. Бул менен бирге ар тараптан келген мектеп бүтүрүүчүлөрү окуу жайдын билим берүү, маданий, спорт тармактары боюнча маалымат алып, университеттин материалдык-техникалык базасына саякат курушууда. Алдыда иш-чара форумдун расмий бөлүгү менен уланат.
Аталган ачык эшик саамалыгы окуучуларга келечектеги кесибин туура тандоого жардам берүү, аларга жогорку билимдин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү жана окуу жайды таанытуу максатын көздөйт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro