ОшМПУда “Кесибим – келечегим” форуму жыйынтыкталды » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда “Кесибим – келечегим” форуму жыйынтыкталды
26 апрель 2025
18

ОшМПУда “Кесибим – келечегим” форуму жыйынтыкталды

ОшМПУда “Кесибим – келечегим” форуму жыйынтыкталды
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кесибим – келечегим” аталышындагы кесипке багыт берүү форуму жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө алыскы райондордон келген мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү уюштурулуп, мында университеттин бардык факультеттери жана адистиктери боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Форумдун расмий бөлүгү университеттин жыйындар залында уланып, ага окуу жай жетекчилиги, атайын чакырылган коноктор, райондордон келген мугалимдер жана 700дөн ашуун мектеп окуучулары катышты. Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, ал өз сөзүндө окуучуларды кесип тандоодо жаңылбай, көп окуп мээнет кылуу менен заман талабына ылайык мыкты кесиптердин ээси болууга чакырды.
Андан соң форумдун спикерлери “Мугалим” коомдук фондунун директору Эрмек Темиров, Гонконгдун шаардык университетинин бүтүрүүчүсү, программист Нуралы Токтоназар уулу жана “Барбол” кондитердик фабрикасынын негиздөөчүсү Канатбек Акаевдер өз тармактары боюнча кесип тандоо тууралуу пайдалуу кеңештерди жана сунуштарды беришти.
Мында окуучулар “Мугалим — келечектин куруучусу”, “Барболдогу кесиптер: ишкер жана менеджер болуунун окшоштуктары менен айырмачылыктары”, ошондой эле жасалма интеллекттин заманбап кесиптерге тийгизген таасири тууралуу кеңири маалыматтарга ээ болушту. Аталган форум жандуу аудиториянын коштоосунда суроо-жооптор менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.
Жыйынтыгында форумдун спикерлерине, интеллектуалдык оюндардын жеңүүчүлөрүнө жана мурда өткөрүлгөн сынактарда активдүү катышкан окуучуларга ноутбук, планшет, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек аталган саамалык окуучулардын билим деңгээлин өнүктүрүү, кесип тандоого багыт берүү жана университетти коомчулукка таанытуу максатында окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro