ОшМПУнун студенттери борбордо өткөн Эл аралык форумда ийгилик жаратты » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун студенттери борбордо өткөн Эл аралык форумда ийгилик жаратты
29 апрель 2025
3

ОшМПУнун студенттери борбордо өткөн Эл аралык форумда ийгилик жаратты

ОшМПУнун студенттери борбордо өткөн Эл аралык форумда ийгилик жаратты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "ICTEXPО-2025 Information and communication technologies" аталышында Эл аралык студенттик форум өттү.
Форум КМУнун 80 жылдыгына карата уюштурулуп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан 150дөн ашык студенттер катышты. Катарда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана компьютердик технологиялар факультетинин информатика адистигинин студенттери 3-орунду багындырып, окуу жайга ыраазычылык кат, сертификат жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чара 4 секцияда өткөрүлүп, мында Айзат Аскарова робототехника жана автоматташтыруу багыты боюнча, Орозбек Жакыпжанов веб тиркемелер жана веб сайттар, ал эми Гүлайым Акматалиева 3Д моделдөө жана анимация тармагында өз эмгектерин, изилдөөлөрүн жана долбоорлорун сунуштап, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аталган студенттерге информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасынын окутуучусу Айсырга Ырысбаева жетекчилик кылган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro