29 апрель 2025
3
ОшМПУнун студенти Россияда өткөн Эл аралык форумга катышып келди
ОшМПУнун студенти Россияда өткөн Эл аралык форумга катышып келди
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенти "Rotary Youth Leadership Awards" жаштар форумуна катышты.
Форум Россия Федерациясынын Тверь шаарында 2025-жылдын 23-27-апрель күндөрү өтүп, ага Нигерия, Индия, Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген жаш лидерлер катышты. Алардын катарында окуу жайдын табият таануу жана география факультетинин Б(б)-1-22 тайпасынын студенти Мээрим Рустамбек кызы да бар.
Аталган саамалыка катышуу үчүн талапкерлер атайын эссе жазуу аркылуу тандалып алынышкан. Анда Мээрим Рустамбек кызынын жазган эссеси уюштуруучу комитет тарабынан жогору бааланып, ал форумга катышууга жолдомо алган. Иш-чаранын алкагында катышуучулар лидерлик жөндөмдөрдү өнүктүрүү, маданияттар аралык диалог жана коомдук пайдалуу демилгелер боюнча тренингдерге, семинарларга катышышты. Ошондой эле интеллектуалдык оюндар, психология жана бизнес багытындагы семинарлар уюштурулуп, катышуучуларга ар тараптуу билим жана мотивация берүү максат кылынган.
“Форумдун жүрүшүндө жалпы катышуучулардан 5 команда куралып жыйынтыгында биздин команда 1-орунду ээледи жана түрдүү белектер менен сыйландык. Бул форум мен үчүн башка өлкөлөрдүн жаштары менен пикир алмашууга жана достук байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты. Менимче мындай иш-чаралар жаштардын жигердүүлүгүн арттырып, коомдук ишмердикке шыктандырат” - дейт Мээрим Рустамбек кызы.


