ОшМПУнун студенттери Өзбекстанда өткөн илимий конференцияда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун студенттери Өзбекстанда өткөн илимий конференцияда
13 май 2025
5

ОшМПУнун студенттери Өзбекстанда өткөн илимий конференцияда

ОшМПУнун студенттери Өзбекстанда өткөн илимий конференцияда
2025-жылдын 6-майында Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда студенттерге арналган Эл аралык илимий конференция өттү.
Иш-чара “Бүгүнкү күндүн студентинин интеллектуалдык жана руханий-агартуучулук ишмердүүлүгү: улуттук креативдүүлүк, мобилдүүлүк”аталышында болду. Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген студенттер катышып, билим берүү, руханий баалуулуктар жана заманбап технологиялар жаатында өз баяндамаларын жасашты.
Катарда окуу жайдын колледжинин дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу Гүлзат Казиева өзүнүн студенттери — Сайкал Акматова жана Улугай Рахим кызы менен биргеликте “The Role of Youth in the Use of Digital Technologies and Their Impact on Education” аттуу англис тилиндеги макаласын ийгиликтүү сунуштап, пленардык жыйында презентация жасашты. Алардын макаласы жогорку баага татыктуу болуп, жыйынтыктоо аземинде “Эң мыкты презентация” номинациясы боюнча атайын сертификат менен сыйланышты.
Ошондой эле колледждин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын окутуучусу Парида Садирова студенттери менен биргеликте “Психологические основы формирования личности младших школьников” аталышында секциялык жыйында баяндама жасап, мыкты пикирлерге арзыды. Белгилей кетсек аталган саамалык эл аралык мамилени бекемдөө, ЖОЖдор аралык ынтымакты чыңдоо жана жаштардын илимге болгон кызыгуусунун арттыруу максатын көздөйт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro