ОшМПУда бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу боюнча жыйын өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу боюнча жыйын өттү
15 май 2025
5

ОшМПУда бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу боюнча жыйын өттү

ОшМПУда бүтүрүүчүлөрдү ишке жайгаштыруу боюнча жыйын өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2024–2025-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштырууга багытталган атайын жыйын өткөрүлдү.
Ага шаар жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, кадрлар боюнча жооптуу адистер, университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, бүтүрүүчүлөргө ийгиликтүү келечек, кесиптик жолунда бийиктиктерди багындырууну каалады.
Мында бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик буйрутма (бюджет) негизинде бүткөндөн кийинки милдеттүү үч жылдык иш тажрыйбасын өтөө тартиби тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Жыйындын жүрүшүндө ар бир район жана шаар боюнча бүтүрүүчүлөргө тийиштүү билим берүү мекемелерине бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын максаты — педагогикалык багыттагы бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик мекемелерге бөлүштүрүп, алгачкы эмгек жолунда колдоо көрсөтүү.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто билим берүү уюмдары үчүн белгиленген жобонун негизинде жыл сайын өткөрүлүп, педагог адистерди эмгек рыногуна системалуу түрдө тартууга багытталган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro