Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БӨБӨКТАЙ БАЛДАР БАКЧАСЫ АЛГАЧКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ
21 май 2025
36

БӨБӨКТАЙ БАЛДАР БАКЧАСЫ АЛГАЧКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ

БӨБӨКТАЙ БАЛДАР БАКЧАСЫ АЛГАЧКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЯДАН УЧУРДУ
Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Кош бол, бакча” аттуу даярдоо тайпасынын бүтүрүү кечеси болуп өттү.
Иш чарага окуу жайдын жана бала бакчанын жетекчилиги, окутуучулар жана ата-энелер катышып, бүтүрүүчү тайпанын чакан концерттик программасына күбө болушту.
Мында жаш жаткинчектер хор ырдашып, улуттук оюндарды ойношуп, тамгаларды айтып, ата-энелери менен бийлешип, кызыктуу оюндарды тартуулашты. Кеченин соңунда ата-энелер сөз сүйлөшүп, балдарынын бакчаны аяктап жатканы ары кубанычтуу, ары толкунданткан учур экенин белгилешип, бакчанын жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.
“Бөбөктай” балдар бакчасы 2024-жылдын 26-августунан өз ишмердүүлүгүн баштаган. Учурда бала бакчада 200гө жакын бала тарбияланып жатат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro