22 май 2025
1
ОшМПУнун 100 жылдык мааракесинин алкагында Андижанда “Айтматов таануу” каанасы ачылды
ОшМПУнун 100 жылдык мааракесинин алкагында Андижанда “Айтматов таануу” каанасы ачылды
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев баштаган делегация Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда болушту.
Конокторду аталган институттун ректору Бахтиёр Расулов жетектеген жамаат боордош элге мүнөздүү жылуу меймандостук менен тосуп алды. Алгач тараптар ортосунда расмий жыйын өткөрүлүп, анда окуу жайлар аралык кызматташтыкты өркүндөтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду жүзөгө ашыруу, академиялык мобилдүүлүк жана алдыдагы пландар боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүрдү.
Иш сапардын өзгөчө маанилүү бөлүгү аталган иституттун Ч. Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты борборуна окуу жай тарабынан “Айтматов таануу” каанасы ачылгандыгы болду. Ага ылайык ректорлор борбордун кызыл тасмасын кесип, кыргыз-өзбек маданий-илимий байланыштарга олуттуу салым кошсун деген тилектерин айтышты. Белгилей кетсек каананын ички жасалгасы, китептер жана улуттук колориттеги буюмдар буга чейин атайын марафондун негизинде чогултулуп, ал Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулган.
Бул менен бирге университеттин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу институттун кыргыз тили жана адабияты адистигинде билим алып жаткан студенттерге “Заманбап санарип технологияларды пайдалануунун педагогикалык ыкмалары” аталышында конок-лекция өтүп берди.
Ошондой эле делегация институттун материалдык-техникалык базасы, STEAM изилдөө борбору, лабораториялар жана жатаканалары менен таанышып, институттун мүмкүнчүлүктөрүнө жогору баа берди. Мындан сырткары “Афсона” оркестринин катышуусунда атайын концерттик программа тартууланып, конокторго эскерүү белектери ыйгарылды.