ОшМПУда өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эвакуациялоо машыгуусу өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эвакуациялоо машыгуусу өттү
22 май 2025
3

ОшМПУда өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эвакуациялоо машыгуусу өттү

ОшМПУда өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эвакуациялоо машыгуусу өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өрттүн алдын алууга жана аны өчүрүүгө багытталган окуу жана машыгуу иштери уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Штаб башчысы жана ЖКнын түзүмдөрү менен биргеликте өткөрүлүп, ага өрт өчүрүүчүлөр, тез жардам кызматы, тиешелүү адистер, ошондой эле окуу жайдын мугалимдер жамааты жана студенттери активдүү катышты.
Машыгуу учурунда окуу жайдын ичинде шарттуу өрт кырдаалы түзүлүп, андагы адамдарды имараттан ыкчам эвакуациялоо, ичинде калгандарды куткаруу жана аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, катышуучуларга өрт чыккан учурда өзүн алып жүрүү эрежелери, өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу, жана кырсыктын алдын алуу боюнча маалыматтар практикалык көрсөтмөлөр менен коштолуп, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери тарабынан кеңири түшүнүк берилди.
Бул машыгуу студенттердин жана кызматкерлердин өзгөчө кырдаалда ыкчам жана туура аракет кылуу жөндөмүн бекемдөөгө багытталган.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro