АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ САЛАВАТ САГИТОВ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ САЛАВАТ САГИТОВ ОшМПУда
23 май 2025
10

АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ САЛАВАТ САГИТОВ ОшМПУда

АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ САЛАВАТ САГИТОВ ОшМПУда
Бүгүн М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетине келди.
Иш сапардын алкагында Салават Сагитов, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич, КӨАЭУнун ректору Абдилбает Мамасыдыков, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат борбордук аянтка барып, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына өчпөс отко гүл коюп, согуштун ардагерлерин эскеришти.
Андан соң окуу жайдын табият таануу жана география факультетинин окутуучулары жана студенттерине конок-лекция уюштурулуп, мында профессор Салават Сагитов катышуучуларга лекция окуду. Лектор Орусиянын географиялык коомунун төрагасы иретинде окуу жайга Башкортостан жаратылышынын кооз табиятын чагылдырган картиналарды жана энцклопедиялык китептерди белекке тапшырды.
ОшМПУ менен БГПУ 2022-жылдын декабрь айынан бери кызматташат. Бул аралыкта эки окуу жай бир топ иш аракеттерди, долбоорлорду жүзөгө ашырып, өз ара байланышын бир топ бекемдей алды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro