Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда “Мыкты санарип практикант” сынагы өттү
23 май 2025
56

ОшМПУда “Мыкты санарип практикант” сынагы өттү

ОшМПУда “Мыкты санарип практикант” сынагы өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Билим берүүнүн жана окуу жайдын 100 жылдыгына карата “Мыкты санарип практикант” аттуу сынак өткөрүлдү.
Ага окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер күбө болушту. Алгач салтанатты расмий ачып берүү үчүн университеттин ректору Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, болочок мугалимдерге дем-күч тартуулады. Иш-чаранын жүрүшү тууралуу маалыматты окуу жайдын өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Гүлайым Байышова берүү менен, ал аталган сынактын өзгөчөлүктөрүн белгилеп өттү.
Мында университеттин факультеттеринен тандалып алынган педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу, англис тили, информатика, көркөм билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, география, биология, кыргыз тили, орус тили жана адабияты адистигинде билим алып жаткан 4-курстун студенттери таймашты.
Катышуучулар жобого ылайык стол үстүнө көргөзмөлөрдү жайып, андан соң саламдашуу, педагогикалык кырдаалдан чыгуу, мугалимдик кесипти даңазалоо боюнча түрдүү тапшырмаларды аткаруу менен өз талантарын тартуулашты. Саамалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана санарип доорунун талабына шайкеш практиканттарды шыктандыруу максатын көздөдү.
Жыйынтыгында калыстар тобу өз баасын берип, табият таануу жана география факультетинин студенти Айзирек Айткулова баш байгени багындырды. Мыкты деп табылган студенттерге дипломдор жана белектер тапшырылды. “Мыкты санарип практикант” наамы үчүн күч сынашкан ар бир студент педагогикага болгон умтулуусу, чыгармачыл мамилеси жана заманбап ыкмаларды колдонуу жөндөмдүүлүгү менен айырмаланды.
Белгилей кетсек сынактын буга чейинки этаптарында катышуучулар Ош шаарынын бир катар мектептеринде 9-сентябрдан 10-ноябрга чейин практика өтөшүп, 2-декабрдан 9-декабрга чейин өз предметтери боюнча ачык сабактарды өтүшкөн. Ар бир сабак комиссиянын көзөмөлүндө өтүп, окутуунун усулу, теманы ачуу деңгээли жана педагогикалык чеберчилинин негизинде бааланып, натыйжада эң мыктылары жыйынтыктоочу турга тандалып алынган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro