29 май 2025
9
ОшМПУда “ПЕДАГОГИКАЛЫК ДЕБЮТ 2025-10” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
ОшМПУда “ПЕДАГОГИКАЛЫК ДЕБЮТ 2025-10” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК-ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Педагогикалык дебют 2025-10” республикалык сынак-фестивалынын жыйынтыктоочу бөлүгү өткөрүлдү.
Салтка айланган бул саамалык окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата жана КР Президентинин “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында быйыл 10-ирет уюштурулду. Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат, ЖОЖдордун өкүлдөрү жана студенттер катышты.
Жогорку окуу жайлар менен мектептердин кызматташтыгын арттырууга жана болочок педагогдордун чыгармачыл потенциалын ачууга өбөлгө түзгөн бул республикалык сынакка өлкөнүн жогорку окуу жайлары активдүү катышты. Мында жалпысынан 77 студенттен арыз түшүп, тандоо турунан кийин 14 студент экинчи турга, ал эми алардын ичинен мыкты 9 студент финалдык этапка өттү. Алар ОшМУ, ОшМПУ жана Талас мамлекеттик университетинин студенттери.
Финалдык баскычта катышуучулар чыгармачылык менен презентация жасап, блиц суроолорго жооп берип, өткөн сабактарынын иштелмелерин, көргөзмөлөрүн стол үстүнө жайып, түрдүү тапшырмаларды аткарышты. Жаш педагогдордун чеберчилиги, өз кесибине болгон сүйүүсү жана коомго кызмат кылуу ниети фестивалды өз максатына жеткирип, мугалим – келечектин куруучусу экенин дагы бир жолу далилдешти. Ошондой эле сынактын жүрүшү ыр белектер, жылуу каалоо-тилектер жана көрүүчүлөрдүн күчтүү сүрөөнү менен коштолуп, ар бир катышуучу өзүнүн педагогикалык дебютун мыкты деңгээлде тартуулады.
Жыйынтыгында атайын дайындалган калыстар тобунун чечими менен 3-орунду Талас мамлекеттик университетинин студенти Азима Акматбек кызы, 2-орунду ОшМПУнун студенти Рабия Ташболотова, 1-орунду ОшМУнун студенти Таңшоола Калбекова багындырды. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга диплом, статуэтка жана уюлдук телефон, муздаткыч сыяктуу баалуу белектер тапшырылды.