29 май 2025
58
ОшМПУнун МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ
ОшМПУнун МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ
Бүгүн ОшМПУда окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн иш-чараларда активдүүлүк жараткан студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чаранын ачылышында университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерге дагы-да дилгирлик менен окуп, изденүү менен ийгиликтин ордосунан чыгуусуна тилектеш экендигин билдирди. Сыйлоо аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, легендарлуу парламенттин депутаты, т.и.д., профессор Балтагул Нурунбетов да куттуктоо сөзүн жолдоп, окуу жылынын жыйынтыгы боюнча ар бир факультеттен тандалып алынган эң мыкты 8 студентке 10 миң сом өлчөмүндөгү өзүнүн атуулдук стипендиясын ыйгарды.
Мындан сырткары, КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгына ылайык ишке ашырылып жаткан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрү да сыйланышты. Алардын катарында “Ректордун кубогу”, “Мыкты сүрөт тартуу” жана “Ыр жазуу” конкурстарынын жеңүүчүлөрү, ошондой эле окуу жайдын Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган эссе жазуу сынагынын байге ээлери да диплом, статуэтка жана атайын кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.