ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МУГАЛИМДЕРГЕ АРНАЛГАН ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МУГАЛИМДЕРГЕ АРНАЛГАН ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ
30 май 2025
26

ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МУГАЛИМДЕРГЕ АРНАЛГАН ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУнун 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА МУГАЛИМДЕРГЕ АРНАЛГАН ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Билим берүүдөгү жаңы горизонттор: мугалим жана технология” аттуу аймактык форумдун жыйынтыктоочу этабы өттү.
Саамалык окуу жайдын 100 жылдыгына карата уюштурулуп, ага Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа, Баткен, Лейлек, Ноокат, Жалал-Абад сыяктуу республиканын түрдүү аймактарынан келген 100дөн ашуун мектеп мугалимдери катышты. Форум КР Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында билим берүү системасына заманбап технологияларды жана инновациялык усулдарды киргизүү, ошондой эле 12 жылдык мектеп программасын жайылтууга багытталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө спикерлер, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов, “Сынак” билим берүү борборунун негиздөөчүсү, тренер Нурлан Кармышаков, “Мыкты мугалим – 2024” сынагынын жеңүүчүсү Назгүл Каныбекова жана ОшМПУнун мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, педагогикалык ишмердиктеги актуалдуу маселелерди козгошту.
Мында мугалимдерге 12 жылдык мектеп моделине өтүүнүн зарылчылыгы, STEAM-технологиялар жана инновациялык усулдарды колдонуу өзгөчөлүктөрү, мугалимдердин кесиптик-инсандык үзгүлтүксүз өсүүсү, педагогикалык чеберчиликте санарип технологияларды өздөштүрүү жана пайдалануу боюнча кеңири маалыматтар берилди. Аталган саамалык жандуу аудиториянын коштоосу менен өтүп, атайын суроо-жооптор уюштурулду.
Жыйынтыгында иш-чаранын резолюциясы кабыл алынып, форумдун буга чейинки этаптарында активдүүлүк жаратып, алдыңкы орундарга ээ болгон катышуучуларга, спикерлерге жана уюштуруу тобуна сыйлыктар тапшырылды. Форумдун баш байгесин Өзгөн районунун №57 А. Өмүрзаков мектебинин мугалими Асия Камчыбекова багындырып, ал 40 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктын ээси аталды. Бул менен бирге “Санарип мугалим”, “Чебер мугалим”, “Новатор мугалим”, “Креативдүү мугалим”, “Ментор мугалим”, “Мыкты мугалим”, “Жаратман мугалим” сыяктуу түрдүү номинация ээлери аныкталып, аларга диплом, статуэтка, атайын белектер, Ташкент шаарына жолдомо жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Белгилей кетсек аталган форум бир нече этаптан туруп, анда буга чейин онлайн тестирлөө, билим өркүндөтүү курсу, видеоконкурс, мыкты сабак иштелмелери сыяктуу сынактар өткөрүлгөн.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro