4 июнь 2025
24
АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!
ОшМПУ кезектеги бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду...
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи өткөрүлүп, анда окууну артыкчылык менен аяктаган студенттер сыйланды.
Салтанаттуу кечеге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук – окутуучулук жамаат, факультеттин декандары, бутүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты.
Кечеде окуу жай жетекчиси бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктоо менен аларга ак жол тилеп, университеттин мыкты бүтүрүүчүлөрү катары өлкөнүн бардык аймактарында ОшМПУнун атын бийик чыгарып, агартуу айдыңында ак кызмат өтөй беришине тилектеш экендигин билдирди.
Бул менен бирге 4 жыл билим алуу менен, окуу жайдын билим берүү, спорт жана маданий тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп, ийгилик жараткан студенттерге университеттин Ардак грамотасын, ал эми ата-энелерге ыраазычылык баракчаларды тапшырды. Аны улай иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн маданий кечеси менен коштолуп, мында таланттуу студенттер тарабынан концерттик программа тартууланды.