11 июнь 2025
22
Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин өкүлдөрү ОшМПУда
Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин өкүлдөрү ОшМПУда
Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин өкүлдөрү, профессорлор Барбора Йорданова жана Аходжи Поузивам бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде конокто болду.
Өкүлдөр алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, чакан маек курушту. Мында Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин өкүлдөрү Erasmus+ программасынын алкагында окуу жайга келгенин айтып, билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу кеп курушту.
“Биз бул долбоор аркылуу окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашабыз. Кыргызстандын педагогдору Прагага барып, дидактикалык жана инновациялык окутуу ыкмаларын үйрөнүшөт. Бул тажрыйба алмашуу программасынын бир түрү. Мында чет өлкөгө 10 күндүк окуу сапары уюштурулат. Ошондой эле биз да ОшМПУга келип, билим берүүнүн сапатын байкап жатабыз” – дейт Прагадагы агротехникалык университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы координатору Барбора Йорданова.
Жолугушууда окутуучулардын тажрыйба алмашуу программасынан тышкары студенттер үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү белгилүү болду. Тактап айтканда, жаңы Erasmus+ долбоору ишке киргенден кийин Кыргызстандык педагогика багытындагы студенттер Прагада окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Расмий жыйындан соң өкүлдөр университеттин гуманитардык факультетинин жана колледждин англис тили адистигинде билим алып жаткан студенттерге Чехиянын билим берүү системасы, маданияты боюнча мастер-класстарды өтүштү.