27 июнь 2025
5
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ОшМПУнун жамааты менен жолугушту
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ОшМПУнун жамааты менен жолугушту
Бүгүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен келди.
Жолугушуу университеттин ректору Бекмурза Зулуев жетектеген профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда өтүп, анда мамлекеттик тилге байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.
Мелис Мураталиев жыйында «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык жана мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берди. Ал бул өзгөрүүлөр аркылуу мамлекеттик тилдин укуктук базасы бекемделип жатканын белгиледи.
Ошондой эле төрага катышуучуларды улуттук жасалма интеллектке негизделген жаңы санариптик платформа — «АЙТИЛ — акыл ачкычы» (aitil.kg) менен тааныштырды. Анын айтымында, бул платформа заманбап технология аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана кеңири жайылтууда чоң кадам болуп саналат.
АЙТИЛ платформасынын негизги мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөр:
• Текстти үнгө айландыруу (табигый үн менен кыргызча окуп берүү);
• Үндү текстке айландыруу (аудио жана видео материалдарды текстке которуу);
• Кыргызча жана башка тилдер ортосунда котормо кызматын көрсөтүү;
• Чат-бот — кыргыз тилинде маалымат берүүчү акылдуу жардамчы;
• Видео котормо — видеолорго кыргызча субтитр кошуу же түшүндүрмө берүү;
• OCR кызматы — сүрөттөгү же сканерден өткөрүлгөн документтеги кыргызча текстти таанып, жазма түргө келтирүү.
Мындан сырткары төрага мамлекеттик тилде иш алып барган расмий иш кагаздарынын «document.gov.kg» платформасы менен тааныштырып, ал жерде иш кагаздардын үлгүлөрү толук эки тилде жеткиликтүү экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик тилди жаңы үйрөнүп жаткан жарандар үчүн түзүлгөн «Кыргызча оңой» / Easy Kyrgyz мобилдик тиркемеси тууралуу да учкай айтып өттү.
Жолугушууда Мелис Мураталиев жогорку окуу жайларда билим берүү негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керектигин, бул — мезгилдин талабы экенин белгиледи. Учурда жогорку кызматтарга баруу үчүн талапкерлерден мамлекеттик тил боюнча тест алуу мыйзам түрүндө бекитилгенин эске салып, ЖОЖдор таза кыргыз тилдүү кадрларды даярдоого көңүл бурушу зарылдыгын билдирди.