28 июнь 2025
5
“Ден-соолук–2025” спартакиадасында ОшМПУ мыкты жыйынтыктарды көрсөттү
“Ден-соолук–2025” спартакиадасында ОшМПУ мыкты жыйынтыктарды көрсөттү
Ысык-Көлдө жогорку окуу жайлардын кызматкерлери арасында республикалык “Ден-соолук–2025” жайкы спартакиадасы болуп өттү.
Салтка айланган бул иш-чараны жыл сайын “Жаштык” дирекциясы уюштуруп келет. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен мелдешке 30га жакын кызматкер катышып, алар волейбол, шахмат, стол тенниси жана стритбол боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында университеттин жамааты төмөндөгү ийгиликтерге жетишти:
•волейбол мелдеши боюнча 45+ курактагы агайлар командасы — 1-орун
•волейбол мелдеши боюнча 45+ курактагы эжекелер командасы — 2-орун
• Стритбол боюнча — 2-орун
Аталган ийгиликтер — спортко, сергек жашоого жана биримдикке негизделген аракеттердин жемиши. Окуу жай жамааты жигердүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп, университеттин атын республика боюнча даңазалуу көрсөтө алды.