1 июль 2025
41
ОшМПУнун окуутучулары илимий эмгектерин окуу жайга тартуулашты
ОшМПУнун окуутучулары илимий эмгектерин окуу жайга тартуулашты
Быйыл, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракесине карата түрдүү саамалыктар жүзөгө ашууда.
Анын катарында бүгүн, окуу жайдын ардактуу окутуучулары Турна Кадырова жана педагогика илимдеринин кандидаты Инабат Даминова өздөрүнүн илимий эмгектерин университеттин 100 жылдыгы менен куттуктоо иретинде белекке тапшырышты.
Мында окутуучулар окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев менен жолугушуп, мааракелүү жыл менен куттукташып, Инабат Даминова “Кыргыз эл педагогикасынын прогрессивдүү идеялары жана тажрыйбалары аркылуу башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо” китебин жана Турна Кадырова “Мектепке чейинки педагогика” лекциялар жыйнагын тартуулашты.


