11 июль 2025
7
НЕКРОЛОГ: Кошбаев Алманбет Бекжанович (1962 – 2025)
НЕКРОЛОГ: Кошбаев Алманбет Бекжанович (1962 – 2025)
Өлкөбүздүн билим берүү, маданият жана кесиптик бирлик тармагы оор жоготууга учурады. ОшМПУнун кесиптик бирлик комитетинин мурдагы төрагасы, КР мергенчилер коомунун мүчөсү, Кыргызстан профсоюздар кыймылынын отличниги, КР эл агартуусунун жана маданиятынын мыктысы, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти Кошбаев Алманбет Бекжанович 2025-жылдын 10-июль күнү 63 жашында мезгилиз дүйнө салды.
А.Кошбаев 42 жылдык өмүрүн ОшМПУда өткөрүп, университеттин өнүгүү тарыхына өзгөчө из калтырды. Жаштарга жол көрсөтүп, студенттерге билим, тарбия берүү менен Профсоюз тармагында көп жыл бою үзүрлүу эмгектенген.
Өмүр жолу: Алманбет Кошбаев 1962 -жылы 4-февралда Ош облусунун Алай районуна караштуу Мурдаш айылында туулган. 1976-жылы Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) музыкалык факультетине тапшырып, 1983-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун ушул эле жылы Ош педагогикалык училищасына (азыркы ОшМПУ) мугалим болуу менен баштаган. 1983-1985-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн. 1985-жылы кайрадан Ош Педучилишага музыка мугалими болуп ишке кирген. 1991-жылы кафедра башчысы болуп шайланып, комузда мыкты кол ойноткон, жагымдуу үн салып обон созгон Алманбет Бекжанович окуу жайдын «Ак Бакай» комузчулар ансамблин да жетектеп мыкты жетишкендиктерди камсыз кылган.
1998-жылы жамааттын колдоосу менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп шайланып, бир топ жыл татыктуу жетектеди.
Учурда аталган окуу жайдын музыкалык билим берүү жана психология кафедрасынын доценти катары үзүрлүү эмгектенип жаткан. Алманбет Бекжанович 15 илимий макаланын жана «Бабалардын насааты» аттуу усулдук колдонмонун автору.
Педагогикалык жана профсоюздук мыкты ишмердүүлүгү үчүн А.Б.Кошбаев узак жылдар ишмердигиндеги жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин (2006-ж), Ош облустук билим жана илим кызматкерлеринин (2004-ж), "Профсоюздардын бүткүл жалпы конфедерациясы" коомдук бирикмесинин (Москва шаары 2012-) жана Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын (2012-) Ардак Грамоталары, "Эл агартуунун отличниги" (1998- ж), «Билим жана илим профсоюз кыймылынын отличниги" (2003- ж), Кыргызстан профсоюздар федерациясынын "Кыргызстан профсоюздарынын алдында сиңирген эмгеги үчүн" төш белгиси, маданият маалымат жана туризм министрлигинин отличниги (2017-жылы) сыяктуу бир нече жогорку наамдар менен сыйланган.
Билим берүү, илим, маданият жана кесиптик бирлик чөйрөсүндөгү белгилүү ишмер, өз ишинин чыныгы устаты, агартуу чөйрөсүндө жогорку кадыр-баркка ээ болгон кесиптешибиз Кошбаев Алманбет Бекжановичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!