23 июль 2025
6
ОшМПУнун жаш илимпозу Н.Кидиралиева кандидаттык дипломго ээ болду
ОшМПУнун жаш илимпозу Н.Кидиралиева кандидаттык дипломго ээ болду
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Кидиралиева Нургуль Мелисовна кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, бүгүн кандидаттык дипломго ээ болду.
Аны бүгүн окуу жай жетекчиси Бекмурза Зулуев расмий түрдө тапшырып, билим берүү жаатындагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап өттү.
Белгилей кетсек окумуштуу өзүнүн илим изилдөө ишин 10.01.01- кыргыз адабияты адистиги боюнча “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында билингвизм аркылуу улуттук жашоо дүйнөсүнүн чагылдырылышы” деген темада жүргүзүп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация жазган. Коргоо иши 2024-жылдын 24-декабрь күнү Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болгон.
