26 июль 2025
5
ДОЛБООРДУН ТААСИРИН БААЛОО: 560 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛДАР БАКЧАСЫНДА БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮНҮ БААЛОО ИНСТРУМЕНТИНИН НЕГИЗИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИЗИЛДӨӨ
ДОЛБООРДУН ТААСИРИН БААЛОО: 560 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛДАР БАКЧАСЫНДА БАЛДАРДЫН ЭРТЕ ӨНҮГҮҮНҮ БААЛОО ИНСТРУМЕНТИНИН НЕГИЗИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИЗИЛДӨӨ
25-июлда, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында Ош облусунун жана Ош шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана усулдук бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн семинар өттү.
Республика боюнча 560 кыска мөөнөттүү балдар бакчасында мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүшүнө багытталган долбоордун таасирин комплекстүү баалоо жүргүзүлдү. Баалоо 3–5 жаштагы балдардын 5 негизги өнүгүү багытын камтыган Эрте өнүгүүнү баалоо боюнча улуттук инструментинин негизинде өткөрүлдү.
Изилдөө 2 этапта жүргүзүлүп, ар биринде 13–15 баладан турган 70 топ (Эксперименталдык жана Бакылоо топтору) эркин тандоо жолу менен тандалды.
Биринчи этапта жалпы 1674 бала, экинчи этапта ошол эле балдардын ичинен 1443 бала катышты.
Эки раунддун жыйынтыктары физикалык өнүгүү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү.
Бул балдардын кыймыл-аракет көндүмдөрү жакшы калыптанганын далилдейт. Балдардын социалдык-эмоционалдык өнүгүүсү орточо деңгээлде туруктуу бойдон калды.
Ал эми эң төмөн көрсөткүчтөр "Сабаттуулук жана коммуникация" жана "Креативдүү өнүгүү" багыттарында байкалып, бул тармактарда кошумча колдоо зарыл экенин көрсөттү.
Эки этаптын жыйынтыктарын салыштырганда, өзгөчө майда моторика боюнча (+0,98) физикалык өнүгүүдө олуттуу өсүш байкалууда.
Бул, мүмкүн, манжа координациясын жана кыймылды өнүктүрүүчү оюндар жана көнүгүүлөр менен байланыштуу. Ошондой эле когнитивдик чөйрөдө – математика жана эксперимент жүргүзүү боюнча – олуттуу жылыш бар. Бул STEM ыкмаларын колдонуу менен билим берүү ыкмаларынын натыйжалуулугун көрсөтөт.
Тилди өнүктүрүүнүн бардык аспектилеринде оң динамика байкалууда, өзгөчө сүйлөө жана үндү так айтуу жаатында. Бул мугалимдердин сөз байлыгын кеңейтүү, байланыштуу сүйлөөнү өнүктүрүү боюнча китеп окуу, талкуу жана диалог аркылуу системалуу иш жүргүзүп жатканынан кабар берет.
Эң чоң өсүш чыгармачылык жана эстетикалык кабыл алуу жаатында байкалууда. Балдар өз оюн сүрөт, музыка, бий жана ролдук оюндар аркылуу эркин билдире башташты.
18 ч.
Бул алардын эмоциясын жана креативдүү ойломун өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү.
Жыйынтык:
Эрте курактагы балдардын өнүгүүсүн мониторинг жүргүзүүчү улуттук системанын түзүлүшү Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын камсыздоого өбөлгө түзөт. Бул система балдардын негизги өнүгүү багыттарындагы жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө, педагогдордун муктаждыктарын аныктоого, ата-энелерди колдоого жана далилдүү маалыматтардын негизинде билим берүү саясатын жана инвестицияларды калыптандырууга жардам берет.


