18 август 2025
5
Министр Б.Орозов ОшМПУда
Министр Б.Орозов ОшМПУда
Кыргыз Республикасынын Илим, Жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иш сапары менен болду.
Министрди университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат тосуп алып, окуу жайдын жалпы абалы, андагы билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар жана материалдык-техникалык базасы менен жакындан тааныштырды.
Андан соң Бактияр Орозов заманбап техникалык каражаттардын жана инновациялык программалардын негизинде сабак өткөн айрым жаш окутуучулардын методикасына, абитуриенттерди кабыл алуу процессине, окуу жайдын ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө учкай күбө болду.
Мындан сырткары бизнес-идеяларды ишке ашыруу, робототехника борборлору, университеттин жатаканасы жана окуу жайдын базасында түзүлгөн “Бөбөктай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү туурасында маалымат алды.