5 сентябрь 2025
17
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ ОшМПУга ЭҢ ЖАКШЫ БАА БЕРДИ
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ ОшМПУга ЭҢ ЖАКШЫ БАА БЕРДИ
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышуу иштеринин алкагында бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болду.
Мында мэр окуу жайдын шарттары, материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышып, студенттердин окууга катышуусун көрүп, лекцияларга катышты. Калаа башчысы студенттердин сабакка катышуу көрсөткүчүнө, корпустун ички тазалыгына, жогорку квалификациялуу окутуучулардын илимий потенциалы жогору экендигине ыраазы болду.
Бул менен бирге университеттин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы менен баарлашуу учурунда окуу жайдын өнүгүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн айтып, сунуш-пикирлерди билдирди.
“Просто супер, силерге сөз жок! ОшМПУ Кыргызстандагы кылымдык тарыхы бар эң байыркы окуу жай экенин баарыбыз эле билебиз. Буюрса алдыда 100 жылдыка дагы катышабыз. Бүгүнкү текшерүүдө эң мыкты деген көрсөткүчтөрдү байкадык. Окуу жайдагы 10дой сабакка катыштык. Катышуу 100%. Ал эми эжекелердин билимине сөз жок. Мугалимдик бул чоң жоопкерчилик, силерди мен аябай сыйлайм. Буга чейин окуу жайларлы көрүп келдик, жаңы корпусуңар эми Европа экен. Бардык нерсе ушул жетекчиликтен көз каранды. Жамаатыңар дагы аябай билимдүү, ынтымактуу экен”-дейт Жеңишбек Токторбаев.