Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары ОшМПУда сабак өтүүдө
9 сентябрь 2025
17

Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары ОшМПУда сабак өтүүдө

Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары ОшМПУда сабак өтүүдө
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары тарабынан 36 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлүп жатат.
Иш-чара «Орус тилинин практикалык курсу» аталышында болуп, ага тиешелүү адистиктердин студенттери катышууда. Курстун алкагында студенттер орус тилин үйрөнүүнүн заманбап методдору менен таанышып, өз адистигинде тилди натыйжалуу колдонуу көндүмдөрүн бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети 2021-жылдан тартып Кыргыз Республикасында орус тилин үйрөнүүнү колдоо боюнча долбоордук иштерди жүргүзүп келе жаткан флагмандык жогорку окуу жай болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде аталган университет Кыргызстанда россиялык билим берүүнүн алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу боюнча иш алып барууда.
Курстар 2025-жылдын 8–сентябрында башталган. Алдыда 18-сентябрга чейин уланат. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro