20 сентябрь 2025
11
ОшМПУ ЖАМААТЫ ИШЕМБИЛИКТЕ
ОшМПУ ЖАМААТЫ ИШЕМБИЛИКТЕ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу алкагында жалпы республикалык ишембиликтин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында бүгүн массалык ишембилик өтүп жатат.
Ага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин бардык кызматкерлери, окутуучулар, факультеттердин жана колледжин студенттери катышууда.
Мында окуу жайдын имараттарынын ичи, тышы, айлана-тегеректерине тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Ош шаарынын борбордук көчөлөрү, жалпы университетке бөлүнгөн тиешелүү аймактардын арыктары тазаланууда. Мындан сырткары күзгү жалбырактар, таштандылар чогултулуп, айрым сырдалуучу жерлер сырдалууда.


