23 сентябрь 2025
11
ОшМПУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди
ОшМПУда Мамлекеттик тил күнү белгиленди
Бүгүн, 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күндүн урматына Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, эне тилдин улуу мааниси даңазаланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө жарлыгынын жана ОшМПУнун 100 жылдыгынын алкагында окуу жайдын колледж бөлүмүнүн мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан «Элдин улуу тарыхынан башталып, эне тилим куттуу сөздөн куралган» аттуу кече уюштурулду. Иш-чарада студенттер өз чыгармачылыктарын тартуулап, жыйынтыгында мыкты катышуучулар сыйлыктарга ээ болушту.
Ошондой эле Кыргыз-Россия факультетинде «Тил — ааламдын түпкү теги, суу ичкен башаты» аттуу майрамдык кече уюштурулуп, анда 1-курстун таланттары сахналык чыгармаларды сунуштап, улуу инсандардын тил жөнүндө ойлорун айтышты.
Мындан сырткары университеттин китепкана бөлүмү тарабынан «Байлыктын башаты – эне тил» аттуу адабий жолугушуу кечеси өтүп, иш-чара акын, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Нуржамал Калмаматованын катышуусунда өттү. Ага ылайык акындын чыгармаларынан көркөм окуулар айтылып, суроо-жооптор уюштурулуп, иш-чара жагымдуу пикирлер менен соңуна чыкты.


