24 сентябрь 2025
12
ОшМПУда студент кыздар үчүн укуктук түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү
ОшМПУда студент кыздар үчүн укуктук түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү
2025-жылдын 23–24-сентябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Аялдар кеңеши тарабынан укуктук тарбияга багытталган жолугушуулар уюштурулду.
Иш-чара Ош ШИИБдин Ак-Буура МБнын №4 ШМБнын кызматкерлеринин катышуусунда өтүп, мында алар учурдагы студент кыздар арасында кездешип жаткан көйгөйлөр боюнча кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле зордук-зомбулук, зыяндуу адаттар (ичимдик ичүү, тамеки чегүү) жана жаштар арасындагы жаңжал-мушташ сыяктуу терс көрүнүштөрдүн кесепеттери жана мыйзамдык жоопкерчилиги тууралуу маалымат беришти.
Жолугушууга Ак-Буура РИИБнин башчысы, милициянын полковниги Мухаммед Торохожаев, бөлүм башчысынын орун басары Шумкар Абдиев, аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын майору Азамат Кекиев жана милициянын ага лейтенанты Мээримбек Таиров катышышты.
Ал эми 23-сентябрда окуу жайдын колледж бөлүмүндө билим алып жаткан жашы 18ге жете элек студенттер менен өзүнчө жолугушуу өткөрүлдү. Анда №4 ШИИБдин башчысы, милициянын капитаны Кайрат Абдураимов, аймактык ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын улук лейтенанты Мирбек Сайдиев, Амир-Темир МБнын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн улук тескөөчүсү, милициянын майору Алтынай Исахунова катышып, жаш өспүрүмдөргө тиешелүү маселелерди түшүндүрүштү.


