26 сентябрь 2025
11
ОшМПУда “Жаратылыш жана тил — улут байлыгы” аталышында тегерек стол өттү
ОшМПУда “Жаратылыш жана тил — улут байлыгы” аталышында тегерек стол өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Жаратылыш жана тил — улут байлыгы” аталышында тегерек стол өткөрүлдү.
Ага НАБУ уюмунун өкүлдөрү, атайын чакырылган коноктор, окутуучулар жана студенттер катышты. Саамалыкты табият таануу-география факультетинин деканы Гулмира Долонова ачып берип, ал өз сөзүндө жаратылышты жана эне тилди сактоо багытындагы иш-чаранын улуттук аң-сезимди көтөрүүдөгү, маданий мурастарды жайылтуудагы жана келечек муундарга болгон мамиледеги маанисин белгиледи.
Тегерек столдун алкагында НАБУ уюму тарткан “Илбирс. Мөңгүдөгү издер” аттуу анимациялык тасманын бет ачары болуп, анда ак илбирстин образы аркылуу жаратылышты сактоо, мөңгүлөрдүн эриши жана жапайы жаратылыштын туруктуулугу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар фильмди жогорку баалап, жаратылышты коргоо идеясын жаштарга көркөм жана таасирдүү формада сунушталганын айтышты.
Ошондой эле, тасманын мамлекеттик тилде даярдалганы улуттук тилдин өнүгүшүнө жана экологиялык билимди жайылтууга чоң салым катары белгиленди.


