Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда тарбиячылар күнү белгиленд
27 сентябрь 2025
13

ОшМПУда тарбиячылар күнү белгиленд

ОшМПУда тарбиячылар күнү белгиленди
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин тарбиячылар күнү белгиленип, "Тарбия бала бакчадан башталат" аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Саамалык колледждин мектепке чейинки педагогика жана жекече усулдар кафедрасы тарабынан уюштурулду. Ага Ош шаарынан жана аймактардан келген мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери, усулчулары жана тарбиячылары катышып, кесип ээлерин майрамы менен куттукташты. Алар балдарды тарбиялоонун коом үчүн мааниси жана тарбиячынын жоопкерчиликтүү, ардактуу эмгеги тууралуу ой бөлүшүштү.
Майрамдык салтанатты колледждин окуу иштери боюнча декандын орун басары Лариса Жумашова ачып берип, келген конокторду жана жалпы кафедра жамаатын, болочок кесип ээлерин майрамы менен кызуу куттуктады. Бул менен бирге Ош шаарынан "Каникей" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Кыял Сатыбалдиева сөзгө чыгып, ал азыркы учурдагы бала тарбиялоонун баалуулуктарына токтолуп өттү.
Бул менен бирге Кара-Кулжа районунан келген "Гулипа Ибраимова" атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Таңсулуу Бердикулова бала тарбиялоо түйшүктүү кесип экенине карабастан, талыкпай иштеп жаткан кесиптештерин,окуу жайдагы эмгектенген окутуучуларды алкап, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.
Иш-чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, анда ыр, бийлер, жомокко саякат жана чыгармачылык номерлер конокторго көӊүлдүү маанай тартуулады.
Жыйынтыгында кафедра башчысы Меринса Нишанбаева сөз сүйлөп, тарбиячынын кесиби түйшүктүү болгону менен абдан маанилүү жана сыймыктуу экенин баса белгиледи. Андан соң майрамдык салтанатка катышкан конокторго ыраазычылык каттар тапшырылып, иш-чара жылуу пикирлер менен соңуна чыкты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro