Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун окутуучулары Өзбекстанда эл аралык билим берүү форумуна катышууда
1 октябрь 2025
88

ОшМПУнун окутуучулары Өзбекстанда эл аралык билим берүү форумуна катышууда

ОшМПУнун окутуучулары Өзбекстанда эл аралык билим берүү форумуна катышууда
Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда “International Vocational Education Forum – 2025” эл аралык форуму өтүп жатат.
Ага Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн башчысы; п.и.к., доцент Жыпаргүл Шербаева, гуманитардык факультетинин англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, магистр Махабат Осмонова жана электрондук башкаруу, мобилдүүлүк жана чет өлкөлүк студенттер менен иштешүү бөлүмүнүн башкы адиси Омарбек Мажитовдор да катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты — билим берүү, санариптик трансформация жана экономика тармагында жаңы идеяларды талкуулоо, илимий кызматташтыкты чыңдоо жана инновациялык педагогика тармактарында иштеген изилдөөчүлөр менен адистердин башын бириктирүү болуп эсептелет.
Форумдун программасына ылайык пленардык отурумдар, илимий баяндамалар, мастер-класстар жана кызыктуу талкуулар орун алып, катышуучулар дүйнөлүк тажрыйбадагы билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине токтолуу менен биргелешкен демилгелерди иштеп чыгышууда.
Бул маанилүү саамалык ОшМПУнун окутуучуларына дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде тажрыйба топтоого, жаңы долбоорлорду талкуулоого жана кесиптик байланыштарды чыңдоого кеңири мүмкүнчүлүк берүүдө.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Германиянын DAAD эл аралык уюмунун колдоосу менен, Дрезден жана Лейпциг университеттери менен биргеликте уюштурулуп, 2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейин уланат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro