2 октябрь 2025
13
ОшМПУда Алымбек даткага арналган илимий-практикалык семинар өттү
ОшМПУда Алымбек даткага арналган илимий-практикалык семинар өттү
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Алымбек датканын Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана тарыхый-маданий өнүгүшүндөгү омоктуу орду» аталышында илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.
Саамалык окуу жайдын гуманитардык факультетинин тарых кафедрасы жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурулду. Ага университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков, илимий иштери боюнча проректор Равшан Абсатаров, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов баштаган шаардагы жогорку окуу жайлардын тарыхчылары, аталган факультеттин окутуучулук жамааты жана студенттер катышты.
Пленардык жыйында тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сыдык Смадияров “Алымбек датка: мифтер жана чындык” аттуу баяндама жасады. Андан соң тарых илимдеринин кандидаты Самарбек Осмонов Алымбек датканын билим берүүгө жана медреселердин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу баяндады. Ошондой эле тарых илимдеринин кандидаты, доцент Таалай Жаркынбаев кенеш бийлигине кызмат кылган Алымбек датканын урпактары туурасында сөз сүйлөдү.
Иш-чарада Ош шаарынын 3025 жылдыгы, өз мезгилинин белгилүү инсаны жана мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асанбий уулунун бирдиктүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө болгон аракети, ордо калаанын өнүгүшүндөгү анын саясий жана агартуучулук ишмердүүлүгү талкууланды.


