Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун студенти Азербайжанда өтүп жаткан III КМШ Оюндарына катышууда
2 октябрь 2025
11

ОшМПУнун студенти Азербайжанда өтүп жаткан III КМШ Оюндарына катышууда

ОшМПУнун студенти Азербайжанда өтүп жаткан III КМШ Оюндарына катышууда
Азербайжандын Гянджа шаарында III СНГ Оюндары өтүп жатат. Анда 23 спорт түрү боюнча 246 медаль ойнотулууда. Кыргызстандан 126 катышуучу, анын ичинде 120 спортчу бар.
Катарда волейбол боюнча Кыргызстан курама командасында ОшМПУнун дене тарбия факультетинин дм-1-25 тайпасынын студенти Мелис Исмаилов да өз спорттук чеберчилигин сынап жатат. Машыктыруучусу — дене тарбия факультетинин окутуучусу Данияр Осмоналиев.
Окуу жай жамааты студентине ишеним артуу менен бирге ага ийгиликтерди каалайт. Бул оюндар жаш спортчулар үчүн тажрыйба топтоого, өлкөнүн, окуу жайдын атын дүйнөгө таанытууга зор мүмкүнчүлүк болуп саналат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro