Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун гуманитардык факультетинде мугалимдер күнүнө арналган майрамдык кече өттү
6 октябрь 2025
8

ОшМПУнун гуманитардык факультетинде мугалимдер күнүнө арналган майрамдык кече өттү

ОшМПУнун гуманитардык факультетинде мугалимдер күнүнө арналган майрамдык кече өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде мугалимдер күнүнө карата майрамдык кече уюштурулду.
Мында социалдык иш адистигинин С-25 тайпасы катышуучуларга өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ага аталган факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты күбө болушту. Кеченин жүрүшүндө студенттер концерттик программа коюп, ыр-бий, көркөм окуулар жана сахналык көрүнүштөр менен мугалимдерге жагымдуу маанай тартуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин деканы Нурбек Маткаримов менен социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы Гүлбурак Айтиева сөз сүйлөп, жалпы окутуучуларды кесиптик майрамы менен куттукташты. Ошондой эле майрамдык салтанатты жогорку деңгээлде уюштурган студенттерге жана алардын куратору Чолпон Исраиловага ыраазычылык билдиришти  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro