6 октябрь 2025
13
ОшМПУда 1-КУРСТАР АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ
ОшМПУда 1-КУРСТАР АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык 1-курстардын ортосунда спорттун 4 түрү боюнча мелдеш старт алды.
Ага ылайык бүгүн окуу жайдын спорттук аянтчасында профессордук-окутуучулук жамааттын жана студенттердин катышуусунда мелдештин ачылуу аземи өткөрүлдү. Мында ректор Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып, жалпы катышуучуларды спорт менен жакындан достошууга, мелдештерге активдүү катышууга үндөп, оюндун журүшүнө ийгиликтерди каалады.
Аталган саамалык КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгына ылайык “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизинде жана окуу жайдын 100 жылдыгына карата жаштар арасында мыкты спортчуларды аныктоо максатында дене-тарбия факультети, профсоюз комитети жана жаштар комитети тарабынан уюштурулууда.
Салтка айланган бул мелдеште катышуучулар спорттун волейбол, тогуз коргоол, шахмат жана футбол түрлөрү боюнча таймаш курушат. Мыкты оюн көрсөтүп, өзгөчө дилгирлик жана шамдагайлык менен катышкан жаш спортчулар университеттин курама командасына кабыл алынмакчы.


