8 октябрь 2025
14
ОшМПУнун окутуучусу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн педагогдорунун эл аралык форумуна катышты
ОшМПУнун окутуучусу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн педагогдорунун эл аралык форумуна катышты
2025-жылдын 5–6-октябрь күндөрү Өзбекстандын Каракалпакстан автономдуу республикасынын борбору — Нукус шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн педагогдорунун эл аралык форуму болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чарага Кыргызстандын педагогдору да активдүү катышышты. Алардын катарында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Жыпаргүл Шербаева да болду.
Мындан сырткары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти С. Кендирбаева, Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин көркөм өнөр жана технология мугалими Нурмира Табалдиева, Ново-Николаевка мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Вера Марышева жана Ош шаарындагы «Олимп» мектебинин география мугалими Зухра Шакирова да катышышты.


