Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » 100 ЖЫЛДЫККА СПОРТЧУЛАРДАН БЕЛЕК
14 октябрь 2025
14

100 ЖЫЛДЫККА СПОРТЧУЛАРДАН БЕЛЕК

100 ЖЫЛДЫККА СПОРТЧУЛАРДАН БЕЛЕК
ОшМПУнун студенттери дүйнөлүк мелдеште ийгиликтерди жаратты.
7–12-октябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында кикбоксинг боюнча “Дүйнө кубогу – 2025” эл аралык турнири болуп өттү.
Аталган мелдешке дүйнөнүн төрт бурчунан келген 50дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышып, күч сынашты. Бул ири спорттук таймашта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинен үч студент өлкө намысын коргоду. Алардын ичинен экөө өздөрүнүн жогорку чеберчилигин көрсөтүп, алдыңкы орундарга татыктуу болушту.
Тактап айтканда, ДТ-24-2 тайпасынын студенти Кутман Максатбеков 1-орунду, ал эми ДТ3-22 тайпасынын студенти Асан Абдывахапов 2-орунду багындырып, диплом, кубок жана медалдар менен сыйланышты. Жаш спортчулар мелдешке дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу, бокс жана кикбоксинг боюнча спорт чебери Махаматсадык Эркинбаевдин жетекчилиги алдында даярданышкан.
Бул жетишкендик — ОшМПУнун студенттеринин жана машыктыруучунун спорт тармагындагы тынымсыз эмгегинин, намыс жана өжөрлүк менен машыгууларынын жыйынтыгы болуп саналат. Окуу жай жамааты аталган студенттерди дүйнөлүк деңгээлдеги бул зор ийгиликтери менен кызуу куттуктайт!  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro