15 октябрь 2025
13
ОшМПУнун окутуучусу Айнура Султанова кандидаттык дипломго ээ болду
ОшМПУнун окутуучусу Айнура Султанова кандидаттык дипломго ээ болду
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Султанова Айнура Абайдиллаевна илимдин кандидаты дипломуна ээ болду.
Белгилей кетсек окумуштуу өзүнүн илим изилдөө ишин 10.02.01 - кыргыз тили адистиги боюнча “Чоң – Алай топонимиясынын лексика – семантикалык эволюциясы жана фонетикалык өзгөрүүлөрдүн тарыхый мыйзам ченемдери” деген темада жүргүзүп, филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн өз диссертациясын коргогон.


