17 октябрь 2025
13
ОшМПУнун 100 жылдык мааракесине карата сыйлоо аземи өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата окутуучулар жана кызматкерлер сыйланды.
Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулар жамааты, ардагер мугалимдер жана кызматкерлер катышты.
Ректор Бекмурза Зулуев өз сөзүндө университеттин бай тарыхына жана мугалимдердин эбегейсиз салымына токтолду. “ОшМПУнун 100 жылдык тарыхы — бул миңдеген мугалимдердин талыкпаган эмгеги, билимге жана тарбияга берилгендиги менен курулган сыймыктуу жол. Ар бир окутуучу — университеттин жүзү, анын өнүгүүсүнө жана кадыр-баркына түздөн-түз салым кошуп жаткан инсан. Мындай сыйлыктар — сиздердин үзүрлүү эмгегиңиздердин баасы”, — деп баса белгиледи ал.
Саамалыктын алкагында студенттерге билим жана тарбия берүүдө алгылыктуу салым кошкон, жогорку билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген окутуучуларга жана кызматкерлерге “ОшМПУнун эмгек сиңирген кызматкери” жана “ОшМПУнун эмгек ардагери” төш белгилери, Аялдар кеңешинин мээримдүүлүк медалы, КР Жогорку кеңешинин, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.
Мындан сырткары, окуу жайдын бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан билим берүүдө, илимде, коомдук, маданий жана спорттук иштерге активдүү катышкан окутуучуларга Ардак грамоталар ыйгарылды. Ал эми дене тарбия факультетинин окутуучулары Кыргыз спортунун 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга университеттин кылымдык тарыхын чагылдырган видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле саамалык музыкалык-педагогикалык факультетинин таланттары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.

Окуу жай жамааты жалпы сыйлык ээлерин кызуу куттуктайт!