17 октябрь 2025
13
ОшМПУ Түштүк Кореянын НАМБУ университети менен кызматташат
ОшМПУ Түштүк Кореянын НАМБУ университети менен кызматташат
Ош мамлекетик педагогикалык универсетети Түштүк Кореянын НАМБУ университети менен келишим түздү.
Эки тараптуу кызматташуу меморандумуна университеттин ректору Бекмурза Зулуев жана Түштүк Кореянын НАМБУ университети тышкы иштер боюнча департаментинин башчысы Гу Мин кол коюшту.
Аталган меморандумдун алкагында гуманитардык факультеттин социалдык иш адистигинин студенттери үчүн академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу, мугалимдердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу, кош диплом берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, студенттер үчүн жайкы эс алуу маалында Түштүк Кореяга баруу программасын түзүү, магистратурага тапшыруу шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле ЖОЖдор аралык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу бир катар багыттар боюнча кызматташуу макулдашылды. Мындан сырткары, жакынкы убакытта 3–6 айлык атайын курстарды ачуу да пландалды.
Түштүк Кореядан келген делегация 14–15-октябрь күндөрү студенттер менен жолугушуп, Түштүк Корея жана НАМБУ университети тууралуу маалымат берип, академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча кеңири түшүндүрмө жасашты. Жолугушуунун соңунда суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.


