17 октябрь 2025
18
ОшМПУ “Кыргыз билимине 100 жыл” медалы менен сыйланды
ОшМПУ “Кыргыз билимине 100 жыл” медалы менен сыйланды
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш чара сыйлоо аземи менен уланды.
Мында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан окуу жайдын 100 жылдыгына карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу ийгиликтери үчүн ОшМПУга “Кыргыз билимине 100 жыл” юбилейлик медалы тапшырылды.
Бул менен бирге окуу жайдын 1966-1968-жылдардагы директору Канада Салимбаева жана профессор Балтагул Нурунбетов аталган юбилейлик медаль менен сыйланышты.
Ошондой эле “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен 4 окутуучу, “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен 11 окутуучу жана министрликтин Ардак грамотасы менен 10 окутуучу сыйланды.
Мындан сырткары 10 окутуучуга КР Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин Ыраазычылык каттары тапшырылды жана бир катар окутуучулар үзүрлүү эмгеги үчүн Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан “Ош облусунун ардактуу атуулу” төш белгиси менен, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланышты


