Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУ: 100 ЖЫЛДЫККА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ УЛАНУУДА
17 октябрь 2025
22

ОшМПУ: 100 ЖЫЛДЫККА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ УЛАНУУДА

ОшМПУ: 100 ЖЫЛДЫККА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ УЛАНУУДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Иш-чара “Келечек үчүн билим берүү: 12 жылдык мектепке өтүүнүн илимий-практикалык негиздери аталышында болуп, ага Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов баштаган жергиликтүү бийлик башчылары, чет өлкөлөрдөн жана Ош шаарынан, өнөктөш окуу жайлардын жетекчилери жана илимпоз-окумуштуулары катышууда.
Ага ылайык пленардык жыйында Шадрин мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Дзиов Артур Русланович “Тенденции развития современнего высшего педагогического образования в России”, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомамбетов “Алтын Казык: Баалуулуктарга негизделген билим берүү” жана психология илимдеринин доктору Акчач Жолдошева “ОшМПУнун өнүгүүсү жана келечеги” аталышында баяндамаларды жасашты.
Бул менен бирге Оштогу ЖОЖдордун ректорлору жана окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү университеттин 100 жылдык мааракеси менен кызуу куттукташып, өз белектерин тартуулашты. Иш-чара ардагер окутуучулар сунган жагымдуу чыгарма менен коштолду.
Андан соң катышуучулар секциялык иштерге бөлүнүп, өз макалаларын коргошууда. Иш чаранын соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынып, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйланат.
Белгилей кетсек, аталган конференция университеттин илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаровдун жетекчилиги астында, окуу жай жетекчилигинин колдоосу менен уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro