18 октябрь 2025
18
Агартуучуларга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды
Агартуучуларга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды
17-октябрь Ош мамлекетик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленип, бир катар окутуучулар түрдүү жогорку сыйлыктар менен сыйланышты.
Катарда 100 жылдыкка карата Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана агартуу тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн колледждин окутуучусу Калбү Молдоканова жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Мурзаш Жумабаев “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды.
Наамды Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев тапшырды. Ал куттуктоо сөз сүйлөп, ОшМПУнун жана андагы аталган ардактуу окутуучулардын өлкөгө жана аймакка сиңирген эмгегин жогору баалап, мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев 1952-жылы 15-августта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти 1969-жылы аяктаган соң, ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене маданияты институтуна тапшырган. 1974-жылы институтту ийгиликүү бүтүрүп, Гүлчөдөгү Макаренко мектебинен эмгек жолун баштаган. 10 жылдай орто мектептерде иштеп, өзүнө жеткиликтүү тажрыйба арттырган соң 1984-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан эмгек жолун улантып, учурга чейин окутуучу, бөлүм башчы, декандык кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, Эл агартуунун мыктысы төш белгиси сыяктуу бир катар сыйлыктардын ээси, ОшМПУнун ардактуу окутуучусу Молдоканова Калбү Исмаилбековна 1951-жылы 26-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айыл-өкмөтүнүн Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти бүткөндөн кийин 1970-жылы Ош педагогикалык институтуна окууга өтүп, кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. Окууну аяктап эле Айдаркендеги Титов атындагы мектеп-интернатында алгачкы эмгек жолун баштаган. 1975-жылы 1-сентябрдан Ош педагогикалык училищасынана эмгек жолун улап, 50 жылдан бери дал ушул окуу жайда кызматын өтөп келет.


