Кеңештин максаты жана милдеттери
2.1. Кеңештин максаты А.Ж.Мырсабеков атындагы ОшМПУнун жетекчилигине төмөндөгүлөргө көмөк көрсөтүү:
- көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга көмөктөшүү;
-университеттин ишинин ачык айкындыгын орнотуу;
- университет тарабынан бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
2.2. Кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
-билим берүү мекеменин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
- билим берүү мекеменин уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүсүнө көмөктөшүү;
- мамлекеттик органдардын жарандык коомдук уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;
-билим берүү мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын (инвестициялар, финансылык каражаттар жана ресурстар) тартуу.