Кеңештин максаты жана милдеттери

 2.1. Кеңештин максаты А.Ж.Мырсабеков   атындагы ОшМПУнун жетекчилигине төмөндөгүлөргө көмөк көрсөтүү:

- көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга көмөктөшүү;

-университеттин ишинин ачык айкындыгын орнотуу;

- университет тарабынан бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

2.2. Кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:                                               

-билим берүү мекеменин ишин натыйжалуу уюштуруу  үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;

- билим берүү мекеменин уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүсүнө көмөктөшүү;

- мамлекеттик органдардын жарандык коомдук уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;

-билим берүү мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын (инвестициялар, финансылык каражаттар жана ресурстар) тартуу.