Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагында уюштурулган экологиялык тазалоо иштерине катышышты
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу доктринасы жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, “Жаратман муун” демилгесинин алкагында КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругунун негизинде өткөрүлдү. Ага Ош шаарындагы ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары катышып, айлана-чөйрөнү коргоого жана тарыхый-маданий мурастарды сактоого багытталган иштерди жүргүзүштү.
Саамалыктын жүрүшүндө окуу жайдын студенттери жана окутуучулары аймактагы таштандыларды тазалап, көрктөндүрүү иштерине салым кошушту.
Белгилей кетсек иш-чаранын негизги максаты айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу, экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу жана шаардын тарыхый-маданий мурастарына аяр мамиле жасоого үндөө болуп саналат
Add New Comment